Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Ош шаарын айланып өтө турган жол быйыл салынат
22.01.2025 | 16:42
Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.
Ал жыйында айланма жол быйыл салынбай турганын айткан транспорт министринин орун басарынын сөзүн төгүндөп, жолдун курулушу жакында башталарын белгиледи.
“Узундугу 34 чакырымды түзгөн жолдун курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылганы турат. Бардык керектүү техникалар тартылып, тиешелүү ченемдер жасалууда. Февраль айынын башында курулушка байланышкан жер иштери кадимкидей жүргүзүлө баштайт”, – деди төрага.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом