Илгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөтКР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчыБишкектин айрым көчөлөрүндө 7-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБалетмейстер Айзада Тумакованын юбилейине карата «Сильфида» балети коюлатКазакстанда Коргоо министрлигин текшерүүдөн кийин 13 кылмыш иши козголду
Ош шаарын айланып өтө турган жол быйыл салынат
22.01.2025 | 16:42
Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.
Ал жыйында айланма жол быйыл салынбай турганын айткан транспорт министринин орун басарынын сөзүн төгүндөп, жолдун курулушу жакында башталарын белгиледи.
“Узундугу 34 чакырымды түзгөн жолдун курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылганы турат. Бардык керектүү техникалар тартылып, тиешелүү ченемдер жасалууда. Февраль айынын башында курулушка байланышкан жер иштери кадимкидей жүргүзүлө баштайт”, – деди төрага.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом