Бишкек – Ош жолунун 127-чакырымында Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, «Сосновка» посту жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кар көчкү саат 16:15терде түшкөн, анын көлөмү болжол менен 1200 куб метрди түзөт. Ага байланыштуу «Сосновка» посту жабылып, унаалар өткөрүлбөй эле.
Учурда Транспорт министрлигинин кызматкерлери жолду кардан тазалоодо.