Президент тарабынан Ош шаарынын мэри болуп дайындалган Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев («Ата-Журт Кыргызстан» партиясы) мандатынан ажыратылды.
Аталган маселе бүгүн, 23-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында каралып, комиссия мүчөлөрү Токторбаевдин мандатын алуу тууралуу чечимди колдоду. Мындай чечим анын мэр кызматына дайындалганына байланыштуу кабыл алынды.
Ошондой эле БШК бош калган мандатты «Ата-Журт Кыргызстан» партиясында депутаттыкка талапкерлердин кезегинде турган Пархат Түлөндүбаевге берилди
Эскерте кетсек, Пархат Түлөндүбаев 2007-жылы «Ак-Жол» партиясынын тизмеси менен, «2015-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясынын катарынан Жогорку Кенештин депутаты болгон.