Кыргызстандык альпинист дүйнөдөгү эң бийик жанар тоого чыкты

Кыргызстандык альпинист дүйнөдөгү эң бийик жанар тоого чыкты

Кыргызстандык альпинист Акматбек Маматкаимов Чилиде жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик жанар тоо Охос-дел-Саладого чыкканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал жанар тоонун башында калпак кийгени жана Кыргызстандын туусун кармап турганы тартылган сүрөтүн жарыялады.

Ал жанар тоонун башына 29-январда Чили убактысы боюнча 11:28де чыккан.  Маматкаимов буга чейин Охос-дел-Саладого чыккан кыргызстандык боло электигин белгиледи.

Эскерте кетсек, Охос-дел-Саладо жанар тоосунун бийиктиги 6893 метрге жетет. Ал дүйнөдөгү эң бийик жанар тоо гана эмес, Түштүк Америкада бийиктиги боюнча экинчи орунда турган чоку болуп саналат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>