Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Ошто “Хизбут-Тахрирдин” мүчөлөрү жашаган 7 жерде тинтүү жүргүзүлдү
01.02.2025 | 15:15
Ош облусунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 жерде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Тинтүү иштери атайын кызмат тарабынан Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана буюмдар (88 китеп, 7 телефон, 13 дептер, 2 планшет, видеокассета жана банк картасы) табылган. Табылган буюмдар Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дин таануу экспертизасына жөнөтүлдү.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишинин катышуучуларына карата КР Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар