Бишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жататБишкектин 5-кичирайонунда ысык суу убактылуу токтотулат“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилдиБишкектеги түтүнгө каршы күрөш — ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилдиБажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгарды
Бишкекте 1,4 млн сомдук кафелдерди уурдаган деп төрт жаран кармалды
05.02.2025 | 12:11
Бишкекте уурулукка шектелген төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 16-январда белгисиз адамдар Лев Толстой көчөсүндөгү кампага кирип, 1 млн 443,7 миң сомдук кафелдерди уурдап кеткен. Кафелдердин ээси милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 24 жаштагы А.С., 41 жаштагы А.Н. 19 жаштагы С.А. жана 25 жаштагы А.Ж. аттуу төрт жаран кармалган.
Учрди иликтөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом