Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Дыйкандар үчүн жакшы, эл үчүн кымбат. Депутат картошканын баасы 60 сомго жеткенин айтты
05.02.2025 | 11:03
Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров базарда картошканын баасы кымбаттап кеткенин айтты.
Абакиров картошканын 1 килограммы 60-65 сом болуп калганын билдирди.
“Албетте биздин дыйкандар үчүн кубанабыз. Бирок эл үчүн 60 сом оор болуп калат. Азыр ун сатып алсаңыз, бир кап ун 1700-1800 сом болсо, ошол эле салмактагы картошка 2500-3000 сом болуп калды”, – деди ал.
Ал мартта жазгы талаа иштери башталарын, дыйкандарга май жетиштүү болуусуна көңул буруу керектигин айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом