Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Нарында бала бакча жана мектептерге 2,3 миң камера орнотулду
08.02.2025 | 12:24
Нарын облусунда мектептерде жана бала бакчаларда коопсуздукту камсыздоо чаралары көрүлүүдө. Негизги кадамдардын бири видеобайкоо камераларын орнотуу болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда облуста 140 мектеп, 145 бала бакча бар. Бардык мектептер интернетке кошулуп, 1610 камера менен жабдылган. 112 бала бакчага 729 камера орнотулуп, калгандарына видеокөзөмөлдү киргизүү иштери жүрүп жатат.
Келечекте коопсуздук тутумун өркүндөтүү, кошумча контролдук чараларды киргизүү жана балдардын ыңгайлуулугу жана коргоосу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү пландаштырылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар