Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Милициянын тергөөчүсү 10 миң доллар пара алууга шектелип кармалды
12.02.2025 | 10:52
Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, тергөөчү Т.Н. 10 миң доллар пара алууга шектелип кармалган. Соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
УКМК тергөөчү кимден, кайсы иш боюнча пара алганын тактаган жок.
Учурда бул фактыга катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
