Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
УКМК: Чүйдө балдар лагери мамлекетке кайтарылды
14.02.2025 | 11:10
Чүйдүн Жайыл районундагы “Орленок” балдар лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган лагер 1994-жылы жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткен. Ага Жайыл районунун айрым кызмат адамдары жардам берген. Кийинчерээк лагерь эс алуу жайына айландырылган.
“Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган объекттин ээси мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын мойнуна алып, аны Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди”, – деп айтылат маалыматта.
Лагер 41,2 сотых жерди ээлейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом