Венесуэла өзгөчө абал киргизип, АКШны аскердик агрессияга айыптадыМайлуу-Суу лампа заводунун жумушчуларынын айлык карызы январдын аягына чейин төлөнөтКыргызстандыктар физиологиялык муктаждыктар үчүн суткасына 11 саат коротушатЕвразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталды
Прокуратура: Таш-Көмүрдө бала бакчанын жери менчикке мыйзамсыз берилип кеткен
14.02.2025 | 14:48
Таш-Көмүр шаарында бала бакчанын жер тилкесинин мыйзамсыз менчикке өткөрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Шаардык прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө мэриянын жооптуу кызмат адамдары “Мишутка” балдар бакчасына таандык 3 млн 500 миң сомдук 17,17 сотых жерди жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберишкендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү шаардык милицияга тапшырылды.
Учурда бала бакчанын жер тилкесин кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом