Кыргызстан парламенттик шайлоого Германиядан байкоочуларды катышууга чакырдыПрезидент Садыр Жапаровдун төрагалыгында виртуалдык активдер боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөтКыргызстандагы мектептерде БУУнун 80 жылдыгына арналган сабактар өтүүдөБишкекте BMW бурулуп жаткан минивэн менен кагышты. Скутер кайдан пайда болду?Токтогулда заманбап мал соючу жай курулуудаБШК: Парламенттик шайлоого талапкерлигин койгондордун саны 458ге жетти
Чүйдө чет элдик жаран алдамчылыкка шектелип кармалды
18.02.2025 | 09:52
Чүйдө чет элдик жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 2024-жылы 27-августта аларга бир киши арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, ошол жылы мартта Кара-Балтада О.Я. аттуу жаран Tumosan 9115 тракторун ижарага деп алып, бирок башка адамдарга сатып жиберген.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Андан тышкары дагы төрт жаран ушундай эле арыз менен кайрылып, алар боюнча да “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иштери козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 52 жаштагы О.Я. аттуу чет элдик кармалган.
Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы текшерилүүдө.