Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бишкекте эл ташыган автобус айдаган 20 айдоочу иштен алынды
18.02.2025 | 09:26
Бишкекте эл ташыган автобустарды айдаган 20 айдоочу иштен алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Кечээ, 17-февралда Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевдин төрагалыгы астында муниципалдык коомдук транспорт боюнча кезектеги жыйын өтүп, жол коопсуздугу, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери жана аялдамада туура токтоо маселелери каралган
Департаменттин директору айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, ылдамдыкты ашырып айдоого жол бербөө, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо, унаалардын техникалык абалын көзөмөлдөө керектигин эскерткен.
Эреже бузган айдоочуларга эскертүү берилип, жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн 20 айдоочу иштен алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом