Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Кыргызстанда эркектердин көбү 20-29 жашында үй-бүлө курат
24.02.2025 | 10:31
Кыргызстанда 23-февралда Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленет. Ага байланыштуу Улуттук статистика комитети өлкөдөгү эркектер тууралуу азыноолак маалымат берди.
2025-жылдын башына карата өлкөдө эркектердин саны 3,6 миллионго жеткен. Ал жалпы элдин санынын 49,5%ын түзөт.
Эркектердин үчтөн экиси айыл жеринде турат. Ар бир жетинчиси Бишкекте жашайт.
2023-жылы эмгекке жарамдуу эркектердин 77%ынын иштеген иши болгон. Алардын орточо жашы 38ди түзөт.
Эркектер көбүнесе курулуш, транспорт, кен казуу, энергетика тармагында иштейт.
2023-жылы 45,5 миң эркек үйлөнгөн. Эркектердин көбү 20-29 жашында үй-бүлө курат. Биринчи ирет үйлөнгөндөрдүн орточо курагы 27,6 жашты, экинчи жолу үй-бүлө кургандардыкы 40,2 жашты түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом