Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кыргызстанда бир жума ичинде 518 мас айдоочу кармалды
24.02.2025 | 15:11
Кыргызстанда бир жума ичинде 518 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 17-23-февраль күндөрү өлкөдө 24 миң 804 жол эреже бузуу аныкталып, 3 миң 322 унаа айып короого коюлган.
Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 844;
- Мас айдоочулар – 518;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 119;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 233;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 миң 84;
- Авто ээнбаштык – 12;
- Ылдамдыкты ашырып айдоо – 4 миң 200;
- Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 8;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 14 миң 786;
ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом