Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Караколдо дайынсыз болгон өспүрүм асынган абалда табылды
24.02.2025 | 19:15
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында өспүрүм бала асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 21-февралда Караколдун милициясына шаардагы кароосуз калган имараттын короосунда асынып турган белгисиз адамдын сөөгү табылганы тууралуу кабарланган.
Жерине милиция барып, эски имараттын арткы короосунда асынып каза болгон адамдын сөөгү табылган. Териштирүү учурунда маркумдун өздүгү аныкталып, ал 19-февралдан бери апасынын арызынын негизинде изделип жаткан, 2008-жылы туулган өспүрүм бала болуп чыккан.
“Маркумдун сөөгүн сырткы кароо учурунда анын денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес”, – деп айтылат маалыматта.
Учурада тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.