Ипподром жана көк бөрү аренасы: Бишкектин четинде ири спорт комплекси курулуудаИран Бахрейндеги америкалык базаларга чабуул жасады: ушул саатка карата эмнелер белгилүүБанктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктадыБишкекте айдоо укугунан ажыратылган BMW айдоочусу кубалашып, МККБнын унаасын сүздүБишкекте тазалоочу курулмалар модернизацияланып, биогумус алуу пландалууда
Караколдо дайынсыз болгон өспүрүм асынган абалда табылды
24.02.2025 | 19:15
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында өспүрүм бала асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 21-февралда Караколдун милициясына шаардагы кароосуз калган имараттын короосунда асынып турган белгисиз адамдын сөөгү табылганы тууралуу кабарланган.
Жерине милиция барып, эски имараттын арткы короосунда асынып каза болгон адамдын сөөгү табылган. Териштирүү учурунда маркумдун өздүгү аныкталып, ал 19-февралдан бери апасынын арызынын негизинде изделип жаткан, 2008-жылы туулган өспүрүм бала болуп чыккан.
“Маркумдун сөөгүн сырткы кароо учурунда анын денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес”, – деп айтылат маалыматта.
Учурада тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.