Айыл чарба министрлиги менен нидерланддык компаниялар үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташууга кол коюшту14-февралдын аба ырайы: Жаан, кар жаайтКөк-Мойнок, Токтогул жана тоңгон Ара-Көл: Кыргызстандын табият кубулуштары аркылуу өткөн жолРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин карашты
Бишкекте 296,5 млн сомго үч көпүрө салуу пландалууда
04.03.2025 | 14:52
Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти борбор калаада үч жерге көпүрө салуу үчүн тендер жарыялады.
Көпүрөлөрдү курууга 296 млн 570,7 миң сом каралган.
Алардын бирин Ауэзов көчөсүндө салып, шаардагы жылуулук электр борборунун куурларынын үстүнөн алып өтүү пландалууда. Ага 144 млн 719,6 миң сом жумшалат.
Экинчи көпүрө Шүкүрөв көчөсүндө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнөн салынып, Медеров көчөсүнө чыгат. Курулушка 23 млн 163,9 млн сом каралган.
Үчүнчүсү Жибек-Жолунда Аламудүн дарыясы аркылуу өтөт. Ага 128 млн 687 миң сом каралган.
Тендер боюнча арыздар 18-мартка чейин кабыл алынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом