Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Бишкек мамлекеттик университетине жаңы ректор дайындалды
13.03.2025 | 17:38
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору болуп Мирлан Дылдаев дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жаңы ректор жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгы боюнча 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
49 жаштагы Мирлан Дылдаев география илимдеринин доктору.
Мурда ал БМУнун экология жана башкаруу бөлүмүнүн деканы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде доцент болгон. 2023-жылдан бери Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун директору болуп иштеп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом