Бишкек шаарынын айрым аймактарында 20-мартта түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Суу саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда өчүрүлөт:
- темир жол тилкеси — М. Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү;
- темир жол тилкеси — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский көчөсү – Бектенов көчөсү — Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-апрель көчөсү.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алышын суранат.