Мектептерде күзгү каникулдун датасы белгилүү болдуМедер Абакиров Люксембургда өткөн жогорку деңгээлдеги жыйында сөз сүйлөдүАсман шаарын кытайлык ишкана курат. Бээжинде меморандумга кол коюлдуОшто шайлоо урнасын уурдоого шектелген жарандар кармалдыУТРКнын башкы директору алмаштыФинансы министрлигинде эмгек акы төлөө системасын реформалоо маселеси талкууланды
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Камбар-Ата-1 ГЭСи долбооруна каражат бөлөт
18.03.2025 | 17:15
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун техникалык колдоого кошумча 13,6 млн доллар каражат бөлөт. Өлкө башчы тиешелүү макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бөлүнгөн каражаттын ичинен 11 млн доллары – насыя жана 2,6 млн доллары – грант.
Насыянын шарттары:
– мөөнөтү – 50 жыл;
– жеңилдетилген мезгил – 10 жыл;
– пайыздык чен – 0 %;
– каражаттарды резервдөө үчүн комиссия – 0,5 %.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат