Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда таш түштү

19.03.2025 | 10:29

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде таш түшүп, жол жабылган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Таш кечээ, 18-март күнү кечки саат 22:10дор чамасында түшкөн.

Жерине барган жолчулар 19-мартка караган түнү саат 03:00дөр чамасында жолдун бир тилкесин тазалап, бир тараптуу каттам берилген. Учурда тазалоо иштери уланууда.

Scroll to Top