Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди
26.03.2025 | 09:15
Кечээ, 25-март күнү кечинде Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Жер титирөө Жалал-Абаддын Ноокен районунун Бүргөндү айылында 4 балл, Кочкор-Ата шаарында, Момбеков, Курулуш, Сакалды айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Ал эми Шамалды-Сай шаарында, Масы, Кара-Булак, Кызыл-Туу айылдарында, Майлуу-Суу шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон, Совет айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар