Өкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКонституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
Салык төлөөчүлөр “нөлдүк” отчёт берүүдөн бошотулду
02.04.2025 | 11:53
Салык кодексине киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык, салык төлөөчүлөр “нөлдүк” көрсөткүчтөр менен отчётторду берүүдөн бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул өзгөртүү мурунку отчёттук мезгилдерге, анын ичинде 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилдерге да тиешелүү.
Ошондой эле өзгөртүү бирдиктүү салык декларациясына тиешелүү эмес. Аны мурдагыдай белгиленген тартипте тапшыруу керек.
Салык кызматы мындай чаралар салык төлөөчүлөрдүн абалын жакшыртууга жана мурда жасалган бузуулар үчүн жоопкерчиликти алып салууга багытталганын билдирди.