Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна тынсыздануусун билдирдиАР: Йемендик хуситтер Израилге каршы чабуулдарын кайра жандантатТегерандан Исфаханга чейин: АКШ жана Израиль кайсы объекттерди жок кылууда жана ирандык «проксилер» эмне менен коркутууда?АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик аракеттерди баштады. Иран жооп кайтаруудаКыргызстандык балбан кыздар Албаниядагы рейтингдик турнирде күмүш жана коло медаль утуштуБишкекте 18 жаштагы кыз 10-кабаттан боюн таштап каза болду
Май майрамдарында Ала-Арча жаратылыш паркына экспресс каттамдар уюштурулат
16.04.2025 | 13:10
Май майрамдарына карата 1-майдан 11-майга Ала-Арча жаратылыш паркына чейин газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап ISUZU автобустары экспресс автобус каттамына чыгарылат. Бул тууралуу муниципалитет маалымдады.
Жол кире накталай төлөөдө – 50 сом, накталай эмес төлөөдө – 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат.
Белгиленгендей, каттамдын акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашат.
Мындан тышкары, Ала-Арча жаратылыш паркынын ичинде акысыз негизде эки жаңы электробус каттайт.
Рубрики: Жаңылыктар