Мыйзамсыз онлайн казино иштетүүгө шектелип 20 жаштагы жаран кармалды

24.04.2025 | 14:04

Кыргызстандын аймагында “Телеграмм” аркылуу лицензиясы жок онлайн казино иштетүүгө шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин кибер кылмыштар боюнча кызматкерлери “Телеграммда” мониторинг жүргүзүп, «xCoin.KG» бот-каналын аныкташкан. Ошондой эле анын ээси өлкө аймагында лицензиясы жок «1-Xbet» букмекердик конторасынан Кыргызстандын банктык карталары аркылуу сайылган акчаларды кабыл алууну, толуктоону жана чыгарууну жүргүзүп жүргөнү такталган.

ИИМ аталган «1-Xbet» букмекердик конторасынын Кыргызстанда онлайн-казино жана электрондук казино ишмердүүлүгүнө лицензиясы жок экендигин билдирди.

Ошондой эле «xCoin.KG» бот-каналынын дагы өлкө аймагында букмекердик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө жана төлөм оператору катары финансылык операцияларды жүргүзүүгө лицензиясы жок экендиги айтылды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) менен кылмыш ишин козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө «xCoin.KG» бот-каналынын 20 жаштагы А.К. аттуу ээси жана операторлору: 20 жаштардагы А.И. жана У.У. аттуу жарандар аныкталган.

Бот каналдын ээси кылмышка шектүү катары кармалып, соттун чечими менен камакка алынган.

Scroll to Top