Улуттук банк Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына 28-апрелден тарта «Улуу Жеңишке — 80 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
«Улуу Жеңишке — 80 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде майрамдык салют түрүндө стилдештирилген «80» деген сан берилген. Монетанын жогору жагында жылдыз, төмөн жагында согушта курман болгондорду кайгыруу менен эскерүүнү жана сый-урматты чагылдырган, лента байланган кызыл гүлдесте түшүрүлгөн.
Монетанын жээгинде тегерете «Улуу Жеңишке — 80 жыл / 80 лет Великой Победе» деген жазуу чагылдырылган.
Монетанын арткы бетинин чок ортосунда тынчтыктын жана эркиндиктин символу болгон канат жайган көгүчкөндөрдүн элеси «2025» жана «1945» деген сандар менен бир берилип, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу чагылдырылган.
Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси — Ag 925, чыгарылган жылы «2025» жана монетанын салмагы — 28,28 g көрсөтүлгөн.
«Улуу Жеңишке — 80 жыл» коллекциялык монетасы Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Монетанын өзгөчөлүктөрү:
Номиналы — 10 сом;
Металлы — Ag 925;
Диаметри — 38,61 мм;
Салмагы — 28,28 г;
Сапаты — Proof;
Нускасы — 800 даана
Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета баасы — 5 200 сом. Монетаны иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин Улуттук банктын кассаларынан, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктар сатылган www.numizmat.nbkr.kg веб-сайтынан сатып алууга болот.