Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Кеминде жаранды сабап, акча талап кылышкан. Шектүү акча алып жатканда кармалды
28.04.2025 | 12:58
Чүй облусунун Кемин районунда 47 жаштагы жаран коркутуу жолу менен акча алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, күч органдарына 23 жаштагы А.А. кайрылып, 19-апрелде Кемин районунун аймагында аны белгисиз адамдар сабап, коркутуп, андан акча талап кылышканын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 47 жаштагы К.А. жогорудагы жабырланычуудан акча каражатын алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар