Ош мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалды
Телеграмда балдарды 1-класска кабыл алуу ишин жеңилдеткен бот ишке кирди
30.04.2025 | 17:50
Билим берүү жана илим министрлиги балдарды 1-класска кабыл алуу процессин жеңилдетүү үчүн жасалма интеллектке негизделген «Мектепке кабыл алуу» телеграм ботун иштеп чыкты.
@Mektep110bot ботунун артыкчылыктары:
- Көп берилүүчү суроолорго орус жана кыргыз тилдеринде жооп берет;
- Калктын бардык топторунун муктаждыктарын эске алуу менен көп тилдүү колдоону камсыз кылат;
- Күнү-түнү иштейт, бул каалаган ыңгайлуу убакта консультация алууга мүмкүнчүлүк берет;
- Кабыл алуу процесси боюнча ишенимдүү маалыматтын бирдиктүү булагын камсыз кылат;
- Ата-энелерге негизги маалымат алуу үчүн мектепке өзү барбашына жардам берет;
- Стандарттуу суроолорго жоопторду автоматташтыруу аркылуу мектеп кызматкерлеринин жүгүн азайтат;
- Маанилүү маалыматты так жана тез берүү үчүн заманбап жасалма интеллект технологияларын колдонот.
Министрликтин маалыматы боюнча, бот иштеп баштагандан бери бир айдын ичинде аны 10 миңден ашык адам колдонгон.
Долбоор Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо (2023-2025)» программасынын алкагында ишке ашырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом