Эми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышатКыргызстанда пайдубалы толук бүтө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салындыКыргызстанда 62 миң сом төлөмү менен «Манасчы» макамын киргизүү сунушталуудаЖогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алдыБишкек шаарында жаңы сквер курулууда
Бишкекте 2-4-майда азык-түлүк жарманкеси өтөт
01.05.2025 | 09:34
2-4-май күндөрү Бишкек шаарында азык-түлүк продукциясынын жана товарлардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (Темир жол бекети) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо, ошондой эле айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом