Ишкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдүС 2026-жылдан тартып Кыргызстандагы соттор санариптик тартипте иштей баштайтУлуттук Инвестициялар Агенттиги: «Хуа Руй» автоклавдык газобетон заводу ишке берүүгө дээрлик даярБишкекте кыймылсыз мүлккө болгон баалардын төмөндөшү катталды
Бишкекте онлайн казино уюштурушкан чет элдиктер кармалды
02.05.2025 | 15:29
Бишкекте чет элдиктер онлайн казино уюштуруп, электрондук алдамчылык менен алектенүүгө шектелип кармалышты. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, чет элдик жарандар ижарага алынган үйдө жашап, “Покер” аталышындагы коюмдарды (ставкаларды) кабыл алган онлайн-казино уюштурушканы аныкталган.
Тинтүүнүн жүрүшүндө системалык блоктор, спутниктик антенналар, электр менен жабдуу блогу, роутерлер алынган. Ошондой эле 23 даана мобилдик аппараттар, ноутбук жана планшеттер алынган.
Учурда кармалган топтун аракеттеринен жарандарга келтирилген материалдык зыянды аныктоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар