УКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтАлгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттү
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын билүү боюнча тест өткөрүлөт
24.04.2026 | 09:57
24 жана 25-апрелде Кыргызстанда «Жеңиш диктанты» эл аралык акциясы өтөт. Катышуучулар негизги салгылашуулар, согуш баатырлары, ошондой эле согуш тууралуу адабий чыгармалар, ырлар жана тасмалар боюнча 25 суроого жооп бериши керек.
Өзүнчө бир блок кыргызстандыктардын Жеңишке кошкон салымына арналган.
Быйыл акция ушуну менен сегизинчи ирет өткөрүлүүдө. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 85 жылдыгына жана Советтер Союзунун маршалы Георгий Жуковдун 130 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча 80 өлкөдө 35 000ден ашуун аянтча иш алып барат.
Кыргызстанда 42 аянтча ачылып, алардын 13үнө каалоочулардын бардыгы эркин кирип, катыша алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом