Чүйдө жаранды унаа сүзүп каза болгон. Шектүү «Манас» аэропортунан кармалды

Чүйдө жаранды унаа сүзүп каза болгон. Шектүү «Манас» аэропортунан кармалды

Чүй облусунда жаранды сүзүп кеткен 29 жаштагы шектүү «Манас» эл аралык аэропортунан кармалды. Бул тууралуу аталган облустун милициясы

Маалыматка ылайык, 1-майда Кемин райондук милиция бөлүмүнө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 110-чакырымында белгисиз айдоочу А.К. аттуу жаранды сүзүп, андан кийин качып кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жогорудагы кырсыктан улам 1960-жылы туулган жаран А.К. алган жаракаттарынан улам ооруканада эсине келе албай каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө “Хонда Акура” үлгүсүндөгү автоунаа аныкталып, ал 29 жаштагы Б.У. аттуу жаранга таандык экени белгилүү болгон.

Тергөө иштеринин натыйжасында, 5-майда жогоруда аталган шектүү Б.У. «Манас» эл аралык аэропортунан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>