КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды
18.01.2026 | 13:00

Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелип, 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу шаардын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Окуя 2025-жылдын 15-январында болгон. Ошол эле күнү милицияга Т.Н. аттуу кыз кайрылып, Жумабек көчөсүндө «А.» аттуу жаран аны күчкө салып, унаага отургузуп белгисиз тарапка алып кеткенин, андан кийин өлтүрүүгө аракет кылганын билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам издөөнүн натыйжасында, шектүү катары 22 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар