Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод ушул жылдын декабрында ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда, президент Садыр Жапаровдун Бишкек шаарындагы санитардык полигонго болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.
Катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу 2025-жылдын декабрында аяктайт.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов белгилегендей, мамлекет башчыга бул долбоорду ишке ашыруу таштандыларды кайра иштетүү көйгөйүн чечип, кошумча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздай турганы маалымдалды.
Бишкек мэриясынын жетекчилиги маалымдагандай, бүтүндөй Борбор Азия аймагында ишкананын аналогу жок.
Завод суткасына 1 миң тонна таштандыны кайра иштетет, анын кубаттуулугу 30 МВт•саат электроэнергия болот. Келечекте кайра иштетүү көлөмүн суткасына 3 миң тоннага жеткирүү пландалууда.
Президент Садыр Жапаров курулуштун мөөнөттөрүн, аткарылган иштердин сапатын жана экологиялык коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгын белгилеп, бул долбоорду жүзөгө ашыруу борбор калааны туруктуу өнүктүрүүгө жана шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болорун белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз