Кыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдөДанияр Мамыров: Ислам каржылоосу кандай иштейт жана эмнеге башка банктарга караганда кымбатыраак
Тышкы иштер министрлиги Түркияда кармалган кыргызстандык мугалимдин үй камагына чыкканын айтты
11.05.2025 | 21:47
ТИМдин маалыматына ылайык, Азамат Нурматов Газиантеп провинциясынын сотунун чечими менен тергөө абагынан бошотулду.
“Министрлик Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Нурматовдун жактоочусу менен биргеликте анын мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоону улантууда. Маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, Түркияда 2016-2017-жылдары аскердик төңкөрүш учурунда Нурматов жатаканада жашап, ошол кезде көбүнчө Фетхуллах Гүлендин колдоочулары пайдаланган уюлдук тиркемени пайдаланган. Түрк тарап ага ошонун негизинде издөө жарыялагандыгы кошумчаланды.
Рубрики: Жаңылыктар