Кыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгынАКШ «Беш Көз» чалгын альянсына Украина боюнча сүйлөшүүлөргө байланыштуу маалыматтарды берүүнү чектеди
Ибраев CASA-1000 долбоору боюнча Душанбеде өткөн жыйынга катышты
17.05.2025 | 12:28
Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев 17-майда Дүйшөмбүдө өткөн CASA-1000 долбоорунун өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты. Жыйынга Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетика министрлери жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери да катышты.
Ибраев CASA-1000 долбоору аркылуу Кыргызстандын аймагында 456 км электр өткөргүч линиясы жана “Датка” көмөкчордонунда кошумча уяча курулганын белгиледи. Ал бул демилге Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусун бекемдеп, аймакка экологиялык жактан таза энергия алып келерин билдирди.
Жыйын соңунда министрлер CASA-1000ди тездетип ишке киргизүү боюнча токтомго кол коюшту.
Рубрики: Жаңылыктар