Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Сауд Аравия 2026-жылы алкоголдук ичимдиктерди мыйзамдаштырууну пландады
27.05.2025 | 12:45
Сауд Аравиясы 2026-жылдан тарта алкоголдук ичимдиктерди сатууга уруксат берүүнү пландап жатат, бирок атайын бөлүнгөн аймактарда гана.
Алар: мейманканаларда, туристтик аймактарда жана лицензиясы бар мекемелерде.
Ага ылайык, өлкөдө пиво, шарап жана сидр сатып ала турган 600дөй пункт ачылат. Күчтүү алкоголдук ичимдиктерге жана өндүрүшкө тыюу салынган бойдон калат.
Бул чечим туризмди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу, ошондой эле ЭКСПО 2030 жана 2034-жылкы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүү боюнча Vision 2030 программасынын бир бөлүгү болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар