“Кыргызстан аэропорттору” бир жылда 6 млн жүргүнчүнү тейлеген

29.05.2025 | 18:07

“Кыргызстан аэропорттору» ишканасы 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2025-жылга карата пландар тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, ишкана бир жылы ичинде 6 млн жүргүнчүнү тейлеп, тарыхый рекорд жараткан.

“Каракол, Талас, Нарын аэропортторунун курулушу аяктады. Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы түзүлүп, 100 миң жүргүнчү ташылды. Ош-Каракол, Бишкек-Худжанд жаңы каттамдары ишке киргизилди. «Манас» аэропортунда Face ID системасы ишке кирди, 3-телетрап, өрт өчүрүү машиналары жана башка перрондук техника сатып алынды. Жалпысынан 60ка жакын техника сатып алынды”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ишкана алдыда Самарканд, Алматы, Ташкент багыттары боюнча каттамдар ишке кирерин кабарлады.

Мындан тышкары учурда “Манас” аэропортунун аэробекетин кеңейтүү иштери жана “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторунун жаңы аэробекет комплекстеринин курулушу жүрүп жатат. Ал эми Жалал-Абадда эл аралык аэропорттун курулушу башталган.

Scroll to Top