Улуттук Банк миң тонна алтынды сактай турган чоң кампага ээ болду — президентАлдын ала көзөмөл: Кыргызстанда баңгизаттарды эрте аныктоо системасы ишке киргизилдиМыйзамга кол коюлду. 2026-жылдан тартып көп балалуу энелерге бир жолку жөлөкпул берилетОш жана Кашкар шаарлары боордоштук тууралуу келишимге кол коюштуУлуттук банк инфляцияны басаңдатуу үчүн эсептик ченди 10%га чейин жогорулаттыАйыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырды
Дары-дармектерди издөө жана баасын көзөмөлдөө үчүн жаңы “Дары-Дармек” мобилдик тиркемеси ишке кирет
06.06.2025 | 10:19
Дары-дармектерди ыңгайлуу издөө жана текшерүү үчүн түзүлгөн “Дары-Дармек” мобилдик тиркемеси жакынкы арада ишке киргизилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Тиркеме аркылуу эмне кылууга болот?
- Дары-дармектерди реалдуу убакытта издөө: керектүү дары-дармек бар жакынкы дарыкананы табууга болот.
- Сапатты текшерүү: шайкештик сертификатына ылайык дары-дармектин аныктыгын текшере алышат.
- Бааны көзөмөлдөө: ашыкча төлөөдөн качуу үчүн белгиленген бааны билип алууга болот.
- Жеңилдетилген программалар: дары-дармектердин компенсациясынын суммасын текшерүү.
- Даттанууларды берүү: эгерде дарыканадагы баа жөнгө салынуучу дары-дармек каражаттарына белгиленген баадан жогору болсо, даттанууну квитанция менен жөнөтүүгө болот. Арыз автоматтык түрдө түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Көрүлгөн чаралар тууралуу жооп аласыз.
- Дары-дармектердин терс таасирлерин тез арада жоюу үчүн билдирүү жөнөтүү.
“Эгерде дары каражаты тиркемеде жок болсо, ал анын каттоодон өтпөгөн же мыйзамсыз статусун көрсөтөт, бул жарандардын ден соолугун коргоого жардам берет”,- деп айтылат маалыматта.
Министрлик тиркеме учурда сыноо режиминде экенедигин жана дагы жаткандыгын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом