Чүй облусунда мыйзамсыз пайдаланылып келген жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыАнтимонополия кызматы жумуртканын баасы эмнеге кымбаттап кеткенин түшүндүрдүОрозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышатКара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калганКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн 1,2 млн гектардан ашык жерге себүү пландалуудаКыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы жыл башында 13 пайыздан ашык өсүштү көрсөттү
ТИМ Лос-Анджелесте жүргөн кыргызстандыктарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды
09.06.2025 | 17:42
АКШнын Лос-Анджелес шаарында болуп жаткан баш аламандыктарга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги аталган аймакта жүргөн кыргызстандыктарды күчөтүлгөн сактык чараларын көрүүгө чакырды.
Маалыматка ылайык, учурда аталган шаарда Кыргызстандын жарандарын кармоо учурлары катталган жок.
ТИМ жеке коопсуздукту камсыздоо үчүн төмөнкү эрежелерди кармануу сунуштады:
- баш аламандыктар катталган же болушу ыктымал болгон райондорго барбоо;
- эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу;
- митингдерге, демонстрацияларга жана башка массалык иш-чараларга катышпоо.
Мындан тышкары, ТИМ өзгөчө кырдаалдар жаралган маалда Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулдугуна төмөнкү “ыкчам байланыш” телефондору аркылуу дароо кайрылуу керектигин билдирди: (312) 929 34 42; +1 (312) 994 24 16.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом