Кечээ, 15-июнда борбор калаада III Бишкек эл аралык кинофестивалы расмий жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Жыйынтыктоочу аземде үч багыттагы: Эл аралык, Борбор Азия жана KyrgyzBox конкурстарынын жеңүүчүлөрүнүн ысымы аталып, байгелер тапшырылды.
Анда калыстар тарабынан режиссёрлук, актёрдук чеберчилик, көркөмдүк жана визуалдык дизайн сыяктуу критерийлер менен бааланган төмөнкү тасмалар байгелүү орундарга ээ болушту:
Эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү:
- Мыкты оператордук иш — “Качкын” — Болсунбек Таалайбек уулу;
- Мыкты актёрдук иш — “Водитель города тишины” — Тувшинбаяр Амартувшин;
- Мыкты режиссёр — Сэнгэдорж Жанчивдорж — “Водитель города тишины”;
- Гран-при, мыкты фильм үчүн — “Крик тишины” — Те Мо Наинг.
Жалпы сыйлык фонду: 1 500 000 сом
KyrgyzBox конкурсунун жеңүүчүлөрү:
- Мыкты фильм — “Ашыгым” — Руслан Акун, Азиза Кхалбекова, Манас Калдаров;
- Мыкты режиссура — “Өч” — Илгиз Куватбек жана Шамилбек Бекбосун уулу;
- Мыкты актёрдук иш — “Аяш 4”— Динара Багышпаева;
- Мыкты оператордук иш — “Күрөш” — Нурбек Мамбетисаев.
Борбор Азия конкурсунун жеңүүчүлөрү:
- Гран-при, мыкты фильм үчүн — “Мерген” — KyrgyzFilm студиясы, CityLab Production, Чынгыз Нарынов.
- Мыкты режиссура —“Joqtau”— Аруан Анартай;
- Мыкты актёрдук иш — “Авель” — Ерлан Толеутай;
- Мыкты сценарий — “От” — Дастан Мадалбеков жана Айзада Бекбалаева.
Жалпы сыйлык фонду: 1 500 000 сом
Эл аралык сынактын мыкты тасмасына сыйлыкты Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тапшырган.
Ошондой эле, белгилүү кино сынчылар уюму FIPRESCIнин 100 жылдыгына арналган видеоролик көрсөтүлүп, андан соң бул уюм тарабынан тандалган мыкты фильмге сыйлык тапшырылган. Ошондой эле, FIPRESCI уюмуна Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты берилген.