Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Нарын облусундагы президенттин өкүлүнүн 2 орун басары алмашты
03.07.2025 | 12:32
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эки орун басары кызматынан бошотулуп, алардын ордуна жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган маалыматка ылайык, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Сапаров Адыл Солтоевич кызматынан бошотулуп, анын ордуна Сапарбеков Руслан Жайлообекович дайындалды.
Мындан тышкары, орун басарлык кызматты аркалап келген Шабдан Абдырайым уулу кызматтан кетип, анын ордуна Иманалиева Айдана Керимбековна дайындалды.
Кызматтан бошотуу жана дайындоо боюнча тиешелүү чечимдерге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: кадрлар, Нарын облусу