Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Кыргызстан кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча эл аралык келишимге кошулат
03.07.2025 | 12:52
Кыргызстан 1957-жылы Женевада кабыл алынган кооптуу жүктөрдү автомобиль менен эл аралык ташуу (АДР) боюнча макулдашууга кошулат. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алды.
Макулдашуунун максаты — кооптуу жүктөрдү атайын талаптарга жооп берген транспорт каражаттары менен ташууну жөнгө салуу жана эл аралык стандарттарды киргизүү.
Бул макулдашууну ишке ашырууга жооптуу органдар катары Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги аныкталды.
Рубрики: Жаңылыктар