Шопоков шаарынын мэри коррупцияга шектелип кармалды

Шопоков шаарынын мэри коррупцияга шектелип кармалды

УКМК маалыматына ылайык, Шопоков шаарынын мэри С.Н.С. жана мэриянын мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси К.А.А. жасалма тендерлерди уюштуруп, бюджеттик каражаттарды кымырып алууга шектелип кармалды.

2023-жылдан бери өткөрүлгөн сатып алууларда «Юниверсал Сервис» жана «Матумба» ЖЧКлары дайыма жеңүүчү болуп, алар мэрдин айланасындагы адамдарга формалдуу катталган. Жыйынтыгында мамлекетке 9 млн сомдон ашык зыян келтирилгени айтылууда.

Тергөө иштери уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>