Президент Жапаров ММК жөнүндө чырдуу мыйзам тууралуу: «Кол коём же каршы пикир менен артка кайтарам»

Президент Жапаров ММК жөнүндө чырдуу мыйзам тууралуу: «Кол коём же каршы пикир менен артка кайтарам»

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров көптөгөн сын-пикирлерди жараткан «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзамдын мындан аркы тагдыры боюнча комментарий берди. Өлкө башчысынын айтымында, ал документ менен али толук тааныш боло элек жана чечимди кийинчерээк кабыл алат.

25-июнда парламент кабыл алган бул мыйзам журналисттердин жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын катуу нааразычылыгын жаратты. Башкы себеп — акыркы мүнөттө киргизилген өзгөртүүлөр. Медиа коомчулугунун баамында, алар негизсиз чектөөлөрдү киргизип, ММКнын ишмердүүлүгүнө болгон көзөмөлдү күчөтөт.

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү медиа коомчулугу президентке мыйзамга вето коюуну өтүнүп, кайрылышты. Алар журналисттердин катышуусунда иштелип чыккан, цензурадан коргогон мурунку, компромистик версияга кайтууну сунушташууда.

Мыйзамдын тагдыры боюнча акыркы чечимди Президент кабыл алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>