Айыл чарба министри Чүйдөгү сугат системаларынын абалын текшерди

Айыл чарба министри Чүйдөгү сугат системаларынын абалын текшерди

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев менен президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Чүй облусунун иррригация системаларынын абалы менен таанышып, чарба аралык каналдардын, суу объектилериндеги калыбына келтирүү иштерин көрүп чыгышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Чүй облусунда 1-2-3 сугат мезгили ийгиликтүү аяктап, жергиликтүү дыйкан-фермерлер төртүнчү жана бешинчи сугат мезгилине даярдык көрүшүүдө.

«Алгачкы сугат мезгилинде дан эгиндери, көп жылдык чөптөр, мөмө-жемиш, жашылчалар, кант кызылчасы, жүгөрү ж.б өсүмдүктөрүнө суу керектүү көлөмдө жетип, суунун таңкыстыгы жаралган эмес. Ал үчүн аймактагы суу сактоочу жайлар убагында тийиштүү көлөмдө сууга толтурулуп, чарба аралык каналдар оңдоп-түзөө жана тазалоо иштеринен өткөн»,- деп билдирди министрлик.

Белгилей кетсек, Чүй облусунда биринчи сугат менен 559,4 млн.м³ суу берилип, анын аянты 147,8 миң га аянтка барабар болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>