«Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда»: Кытайдын элчиси форумда сөз сүйлөдүУКМК эл аралык баңгизат сатуу каналы аныкталганын билдирдиКочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулдуКөңүл буруңуз! Көчмөндөр оюндары өтчү жайларга кандай буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынатНепалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 469 адамга жетти«100 ишкана түзөбүз»: Темир Сариев Кытай менен өнөр жай бирлигин курууга чакырды
24-апрелге карата аба ырайы
24.04.2026 | 09:00

Бүгүн, 24-апрелде, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын басымдуу бөлүгүндө, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 19…24°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 18…23°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 21…26°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 21…26°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 21…26°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7°C, күндүз 14…19°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 13…18°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 10…12°C, күндүз 20…22°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом