Жалал-Абад облусунун Төш-Кутчу айылында «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушуна расмий старт берилди. Эгемендик алгандан бери талкууланып, бирок ар кандай себептер менен ишке ашпай келген бул ири инфраструктуралык долбоор бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши үчүн маанилүү этапка айланды.
Президент Садыр Жапаров темир жолдун курулушу Кыргызстандын экономикалык өсүшүн ылдамдатары менен бирге Евразиядагы маанилүү транзиттик борборго айланууга жол ачарын баса белгилеген. Ал, өзгөчө, долбоордун Кытай,Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетип, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы транспорттук байланыштарды бекемдөөчү көпүрө болорун белгиледи. Бул ирет «Reporter.kg» басылмасы кылымдын курулушу аталган мега долбоорго саресеп салат. Мурда Кыргызстан дүйнөлүк логистикалык рейтингдерде эң төмөнкү катарларда турса, бул долбоор ишке ашкандан кийин өлкөнүн транспорттук статусу көтөрүлөт, логистикалык борборго айланат, инвестиция тартуу дарамети өсөт.
Бул ири долбоор тууралуу Президен Садыр Жапаров мындай деген: «Биздин өнөктөштөргө – Кытай Эл Республикасына жана Өзбекстанга булдолбоорду ишке ашырууда көрсөтүлгөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирем.
«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул Евразия континентинин түштүк багытындагы маанилүү стратегиялык көпүрө. Жаңы темир жол Кытайдан Европага, ошондой эле Борбор Азия жана ЖакынкыЧыгыш өлкөлөрүнө, Түркия жана Евробиримдикке товарларды жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт», — деди президент.
Былтыр темир жол долбоорунун 3 мамлекет бириккен старт берүү иш-чарасына катышкан Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шаньцзе Кытай Республикасынын Президенти Си Цзиньпиндин кайрылуусун окуп, долбоордун Азия менен Европаны бириктирген жаңы кургактык транспорттук коридор катары маңызын баса белгилеген. Анын айтымында, темир жолдун курулушу үч өлкөнүнортосундагы соода-экономикалык байланышты жана адамдардын кыймылын жогорулатат, ошондой эле инвестиция тартуу жана өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Ал эми Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев өзүнүн кайрылуусунда бул долбоорду Борбор Азиянын экономикалык интеграциясы жанааймактык кызматташтыктын жаңы баскычы катары сыпаттап, анын региондун туруктуу өнүгүүсүнө жана экономикасынын диверсификациясына олуттуу салым кошорун белгилеген.
«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолу болжол менен 311,75 чакырым узундукта курулуп, анын маршруту Торугарт — Арпа — Кош-Дөбө — Макмал —Жалал-Абад аркылуу өтөт. Долбоордун жалпы наркы 4,665 миллиард долларды түзөт, анын ичинен Кыргызстандын бөлүгү 573 миллион долларга барабар. Кытайдын «Бир алкак – бир жол» глобалдык инфраструктуралык программасынын алкагында курулуп жаткан бул темир жол Евразияны бириктирген негизги кургактык транспорттук коридорлордун бири болупсаналат. Ал Азиянын түштүк-батыш багытындагы соода агымдарын активдештирет.
Долбоордун максаты эмне жана ал Кыргызстанга кандай пайда берет дегендер миңдеп саналат. Алгач мына ушул суроонун айланасында ой жүгүртүп көрсөк. Эл аралык серепчилердин баамында долбоор ишке ашса, Кыргызстанды Евразиядагы транзиттик борборго айлантуу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык байланыштар кеңейет. Кытайдын Батыш аймактарынан Евразиянын түштүгүнө өтүүчү жаңы кургактык транспорттук жолу түзүлөт. Ал эми Кыргызстан үчүн транспорттук көз карандылык азайып,экономикалык жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачылат.
Учурда Кыргызстан туюк өлкө болуп саналат жана көпчүлүк товарлар Кытай, Казакстан аркылуу өтөт,ал эми бул жолдордо транспорт чыгымдары жана убакыт чектөөлөрү жогору. Жаңы темир жолдун курулушу өлкөнүн транзиттик потенциалын 20-30%га жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде экспорттук ишканаларга товарларын Кытайдын Батыш аймактарына, Түркия жана Европа базарларына жеткирүүдө чыгымдарды төмөндөтөт. Долбоор ишке киргенден кийин жүк ташуунун көлөмү жылына 5-7 миллион тоннага жетиши күтүлүүдө. Бул өлкөнүн бюджетине 200-300 миллион доллар киреше алып келиши мүмкүн деген сөз.
Ошондой эле бул ири темир жол долбоорунун ишке ашуусу менен өлкөнүн аймактарында инфраструктура өнүгөт . Ага ылайык, жаңы көпүрөлөр, туннелдер, транспорттук түйүндөр жана тиешелүү коммуналдык объектилер курулат. Мындай шартта албетте, жумушчу орундар көбөйүп, жергиликтүү калктын жашоосуна шарт түзүлүп, социалдык жана экономикалык турмуш кыйла жакшырат дешет адистер.
Долбоордун жетекчилери тарабынан белгиленгендей, курулуш учурунда Кыргызстанда болжол менен 20 миңден ашык жумушчу тартылат, ал эми эксплуатация башталгандан кийин 2,7 миң туруктуу жумуш орду түзүлөт. Темир жол курулушу техникалык жактан татаал долбоор болуп эсептелет. Ал 120 чакырымга жакын көпүрөлөрдү жана 27 туннелди камтыйт. Туннелдердин узундугу 12 чакырымды түзүп, алар Нарын, Жалал-Абад жана Сузак райондорунда жайгашкан. Бул татаал геологиялык шарттарда иш жүргүзүүнү талап кылат.
Жаңы темир жол заманбап техникалар жана коопсуздук стандарттары менен курулуп, жыл сайын миллион тонна жүктү ташууга мүмкүндүк берет.
«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолу – бул Борбор Азиянын транспорттук жана экономикалык инфраструктурасындагы тарыхый долбоор. Ал өлкөнүн экономикалык өсүшүнө дем берип, аймактык интеграцияны бекемдеп, Кыргызстанды Евразиядагы транзиттик борборго айлантат. Темиржол аркылуу экономика, соода, энергетика, өнөр жай, туризм, жумушчу күч жана региондор аралык байланышы жаңы деңгээлге чыгат. Бул — Кыргызстандын “логистикалык көз карандуулуктан кутулуу жолу”, дүйнөлүк экономикалык картанын өзөгүнө жакындашы.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев: “Биз жөн гана жол куруп жаткан жокпуз — биз келечекти куруп жатабыз!”,-деп айтканы бар.
Бул долбоор аркылуу үч өлкө ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүү жаңы деңгээлге көтөрүлөт, ал эми эл аралык рынокторго жетүү оңойлоп,экономикалык жүктөр азаят.
Кыргызстандын геосаясий ролу күчөп, өлкө өзү үчүн жаңы инвестициялык аянттарды түзүп, көптөгөн тармактарда экономикалык өсүшкө жол ачат.